Ссылки доступа

Тажик бийлиги интернетти катуу көзөмөлдөйт


Президент Эмомали Рахмон Бирдиктүү коммутация борбору тууралуу токтомго кол койду.

Ага ылайык, бардык байланыш операторлору жана провайдерлер жаңы түзүлгөн борбор аркылуу гана иш жүргүзө алышат.

Тажик бийлиги аталган борбордун башкы максаты – улуттук жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо деп түшүндүрдү. Ошондой эле зарыл болгон учурда тыңшоолор да жүргүзүлө турганын жокко чыгарбады. Эксперттер болсо коммутация борбору аркылуу эми байланыш менен интернетке каалагандай чек коюуга шарт түзүлгөнүн айтышууда.

Алардын баамында бул кызмат коопсуздукту коргобой эле, тескерисинче ага коркунуч жаратат.

Бирдиктүү борборду ишке киргизүү үчүн 50 миллион доллар керектеле турганы болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG