Ссылки доступа

Москвада өзбек ырчысы Наргиз Закирова мазактоого кабылды


Орусиянын ордо калаасындагы Крокус Сити Холл көңүл ачуу жайында жайгашкан Backstage ресторанында ырдаган өзбек тектүү белгилүү ырчы Наргиз Закирова шылдыңга кабылганын күбөлөргө таянуу менен eltuz.com булагы жазып чыкты.

Ресторандын VIP бөлүгүндө отурган аял сахнага чыгып, ырчынын улутун мазактап, андан соң колундагы ичимдик куюлган чөйчөктү аны көздөй ыргытып жиберген.

Backstage ресторанындагы окуя тууралуу Закирова Facebook’тагы баракчасына да жарыялап, өзүн шылдыңдаган аял “сага окшогон өзбек аялдары менин үйүмдү тазалап жүрүшөт” деп айтканын, ал ыргыткан идиштин сыныктары чачырап кеткенин, андан кийин дагы бир айым чыгып, ошол эле сөздөр анын да оозунан чыкканын жазды.

Ырчы окуя учурунда коопсуздук кызматынын өкүлдөрү дайынсыз болуп кеткенине, баары бүткөндөн кийин гана келгенине нааразылыгын жашырган жок. Ал эми ресторандын жетекчилиги бул аялдын кылык-жоругун “ашынган күйөрмандардын биринин аракети” катары көрсөтүүгө далалаттанган. Наргиз Закирова чатак салган аялдын сүрөтүн да интернетке жайгаштырды.

Социалдык түйүндөрдө күйөрмандар Закированы ксенофобдорду жазалоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG