Ссылки доступа

Тажикстанда тыюу салынган радикал топтун лидери Ооганстанда өлтүрүлдү


Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода Ооганстанда “Жамаат Ансарулла” экстремисттик уюмунун лидери Амриддин Таббаров былтыр июлда ооган күчтөрүнүн операциясы учурунда жок кылынганын билдирди.

Ал Амриддин молдо катары көпчүлүккө таанымал. 1992-97-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш маалында бийликке каршы күчтөргө кол башчы болгон.

1990-жылдардын аягында Таббаров “Өзбекстан ислам кыймылына” кошулуп, Ооганстанда согушка катышып жүргөн. Ооган жергесинде талиптер бийликтен четтетилгенден кийин Пакистанга ооп кеткен. 2010-жылы “Өзбекстан ислам кыймылына” тиешеси бар «Жамаат Ансарулла» тобун түптөп, талиптер жана «Аль-Каида» менен ымала куруп турган. Анын айрым мүчөлөрү Сирия менен Иракта өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко киргени да белгилүү.

Тажик бийлиги 2012-жылы «Жамаат Ансарулла» уюмун террордук топтордун катарына киргизип, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Былтыр аталган топтун ондогон мүчөлөрү кармалып, абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG