Ссылки доступа

Ошто өз баласын 15 миң сомго саткан аял кармалды


Ош облусунда 27 жаштагы келин жаңы төрөлгөн баласын 15 миң сомго сатты деп шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматкери Эрнист Осмонбаев билдиргендей, ымыркай 36 жаштагы Орусия жаранына сатылган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча оштук келин 19-декабрда көз жарып, үч күндөн кийин наристени сатып жиберген. Ымыркай учурда орус жаранынын колунда.

Ош милициясы адам сатуу, документтерди жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү эки жаран сыртка чыкпоо тил каты менен эркиндикке бошотулган.

XS
SM
MD
LG