Ссылки доступа

Алматанын четинде чет элдик турист каза тапты


Алматанын четинде жайгашкан Чымбулак тоо-лыжа курортунда чет элдик турист көз жумду.

Ал эки күндөн бери дареги билинбей жаткан Польшанын жараны болушу мүмкүн.

Шаардык Өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлү Сандугаш Баймухамбетованын айтуусунда, маркумдун сөөгү бүгүн эртең менен Талгар капчыгайынан табылган. Анын өлүмүнө ызгаар суук себеп деген божомол бар.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары 24-январда Чымбулак курорттук аймагында сейилдөөгө чыккан поляк атуулу жоголуп кеткенин кабарлашкан эле.

XS
SM
MD
LG