Ссылки доступа

Кыргызча биатлон: жебе менен жарышкан чаңгычылар


Кыргызстандык спортчулар буга чейин ат үстүндө жаа тартып келсе, эми анын заманбап түрүн өздөштүрүүгө өтүштү.

Байыркы көчмөн элдин жаа атуу өнөрүн жандандыруу максатында “Тогуз Булак” кышкы эс алуу жайында чаңгы тээп келатып жаа атуу боюнча оюнда чеберлер күч сынашууда. Аны "Кыргыз эл" коомдук бирикмеси жана "Салбуурун" федерациясы уюштурган.

Азыр ат үстүндө эле эмес, чаңгы менен жебедей сызып, жаа атууну үйрөнүп жаткан 30дай спортчу бар. Алардын айрымдары чаңгыны алгач ирет кийгендер. Тарыхчылар кыргыз жигиттери муну оңой эле өздөштүрүп ала турганын айтышат. Анткени, чаңгы тебүү улуттун канында бар экенин аңчылардын ташка чегилген байыркы сүрөттөрү менен кытай санжырасы ырастап турат.

XS
SM
MD
LG