Ссылки доступа

Катталбаган SIM-карталар 1-февралда өчүрүлөт


Каттала элек уюлдук байланыш абоненттери беш күндөн кийин өчүрүлөт.

Бул тууралуу мамлекеттик байланыш кызматы эскертти. 2016-жылдын 18-январына карата республика боюнча 7 814 743 көчмө байланыш абоненти катталган. Алардын ичинен 7 490134 абонент персонификациялоо процедурасынан өтүшкөн, бул 95,85 пайызды түзөт.

Байланыш мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 16 жашка толгон ар бир абоненттин сим-картасын каттоо милдеттендирилген. Катталбаган сим-карталарды өчүрүү мөөнөтү буга чейин бир канча ирет артка жылдырылган болчу.

XS
SM
MD
LG