АКШнын финансы министрлигинин санкциялар боюнча бөлүмүнүн башчысы Адам Шубин Би-Би-Синин "Панорама" берүүсүндөгү маегинде орус президенти өзүнүн чыныгы байлыгын жашырып жүргөнү тууралуу айткан.
Аталган телеканал кечээ “Путиндин жашыруун байлыгы” деп аталган даректүү тасма көрсөтүп, анда Шубиндин интервьюсу жарыяланган. АКШнын Борбордук чалгын кызматы 2007-жылдагы баяндамасына ылайык, Путиндин байлыгы 40 миллиард долларга тете деп бааланган. Бирок Шубин аталган маегинде бул маалыматка комментарий берген эмес.
Путин буга чейин мындай маалыматтардын баарын четке кагып келген.