Ссылки доступа

Казакстан коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында


Эл аралык Transparency International уюмунун былтыркы жыл боюнча иликтөөсүнө таянсак, Казакстан жемкордуктун деңгээли эң жогору мамлекеттердин катарына кирди.

Иликтөө дүйнөнүн 168 өлкөсүндө жүргүзүлүп, Казакстан 123-орунду ээлеп, былтыркыдан үч баскыч өөдө көтөрүлгөн. Коррупция боюнча эң начар он өлкөнүн сабына 161-орун менен Ирак илинди.

Борбор Азия менен Түштүк-Чыгыш-Азия чөлкөмдөрү коррупцияга малынган аймактардын баш сабына чыкты.

Тransparency International уюмунун 2015-жыл боюнча жакында жарыяланган баяндамасында Кыргызстан коррупция боюнча 168 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлегени көрсөтүлгөн. Коңшу мамлекеттер арасынан Кыргызстанга караганда коррупциялашкан өлкө катары Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан аталган. Уюмдун кызматкерлери бул жерлерде коррупция жугуштуу оору сыяктуу тамыр жайганын билдиришти. Коррупциясы эң аз өлкө катары Дания табылган. Тизмеде Орусия - 119, Украина –130, Молдова – 103, Армения – 95-, Азербайжан – 119-сапты ээледи.

Аталган эл аралык уюм жарандардын пикирлерине таянуу менен алар жашаган мамлекеттердеги жемкордуктун деңгээлин аныктайт.

XS
SM
MD
LG