Ссылки доступа

Кыргыз өкмөтүндө кызматтык автоунаалардын саны кыскарды


Өкмөт аппаратынын карамагындагы кызматтык автоунаалар 50 пайызга азайды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мурун аппаратта 22 транспорт бар болсо, азыр 11и гана калды. Анын сегизи нөөмөттө иштесе, экөө жеткирүү кызматын тейлейт. Дагы бири аймактарга кызматтык сапарларга баруу үчүн колдонулат.

Премьер-министрдин жардамчылары менен кеңешчилерине жана бөлүм башчыларга берилген кызматтык автолордун саны да кыскартылды.

Мындан тышкары мамлекеттик мекемелердеги автоунаа паркын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын иши уланууда.

XS
SM
MD
LG