Ссылки доступа

Тажикстанда валютаны мыйзамсыз саткандар камакка алынат


Тажикстанда мыйзамсыз валюталык операциялар менен алектенгендер 9 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

Тажик бийлиги муну менен чет элдик валютаны мыйзамсыз алмаштырууга бөгөт коюуну максат кылууда.

Былтыр декабрда менчик акча алмаштыруу жайлары сомонинин наркы кескин түрдө түшүп кеткендигине байланыштуу жабылып, 20 чактысы “кызыл кулактык” кылган деген негизде айып пулга жыгылган.

Өкмөт кызыл кулактардын айынан сомонинин куну качып, доллар кескин жогорулап кетти деген жүйө келтирип жатат.

Расмий Дүйшөмбүнүн чечими менен валюталык операциялар, анын ичинде сатып-алуулар банктарда, алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө жана кредиттик уюмдарда гана ишке ашырылууга тийиш. Бирок аларда валюталардын наркы жогору экени кабарланууда.

Акча саясатынан улам өлкөдө "кара базар" пайда болуп, Дүйшөмбүдөгү алмаштыруу жайларынын бир бөлүгү ошол жакка ооп кеткен, деген маалымат бар.

Тажикстан керектүү товарларды башка өлкөлөрдөн импорттойт. Валюта базарындагы олку-солкулуктан азык-түлүктүн баасы да кескин кымбаттап кетти.

XS
SM
MD
LG