Ссылки доступа

Кыргызстан гендердик теңсиздик боюнча дүйнөдө 75-орунда турат


Кыргызстан аялдардын саясий укугу жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча глобалдык индексте 145 өлкөнүн ичинде 75-орунда турат. Бул тууралуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт кабарлады.

Маалыматка ылайык, гендердик ажырым боюнча дүйнөлүк индексте 1-орунда Исландия, акыркы орунда Йемен турат. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен 34-орунга чыккан Беларус алдыда, 47-орунда Казакстан, 76-орунда Орусия, ал эми Армения 105-орунда.

Гендердик ажырым индекси (The Global Gender Gap Index) – аял менен эркектин тең укуктуулук рейтингин аныктаган дүйнөлүк изилдөө. Алгачкы рейтинг 2006-жылы дүйнөлүк экономикалык форумда жарыяланган. Индекс аялдардын саясий, экономикалык, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы укуктарына таянып чыгарылат.

XS
SM
MD
LG