Ссылки доступа

Вашингтон Сирия оппозициясын сүйлөшүүлөргө сөзсүз катышууга үндөдү 


АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер Вашингтондогу маалымат жыйында Сирия оппозициясын 29-январда Женевада өтө турган тынчтык орнотуу багытындагы сүйлөшүүлөргө катышуу менен тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакырды.

Анын айтуусунда, оппозиция алдын ала кандайдыр бир шарттарды койбоого тийиш.

"Алар Женевага келип, салгылаштарды токтотуу, гуманитардык жүк алуу боюнча келишимдердин аткарылышы тууралуу сунуштарын берүүсү зарыл. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого тийиш ", - деди Тонер.

Ошол эле маалда, оппозиция сүйлөшүүлөргө катышса, Башар Асаддын бийлигинин максаттары жана даярдыгы байкала турганын, кайсы тарап тынчтыкты калыбына келтирүүгө кызыкдар экени дүйнөгө ашкере болорун жарыялады.

Сириядагы жарандык согушту токтотуу тууралуу соңку эки жылдагы алгачкы сүйлөшүүлөр январга белгиленип, бирок оппозиция кечээ Бириккен улуттар уюму жарандык аймактарга чабуулдарга бөгөт коюу боюнча талапка жооп бербесе, Женевага келбей турганын билдирген эле.

Ал эми Сирия өкмөтү катышууга макул болду. БУУнун чабарманы Стаффан де Мистура 29-январда Женевага белгиленген жараян ишке ашып, беш жыл мурун башталган кан төгүүлөр токтой турганына үмүт артып жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG