Ссылки доступа

Швед бийлиги 80 миң мигрантты өлкөдөн чыгарат


Бул тууралуу Швециянын Ички иштер министри Андерс Игеман билдирди.

Анын айтуусунда, бийликкачкын макамын алууга арыз бергендердин арасынан 80 миңден ашык адамдын суранычын четке кагып, аларды депортациялоону чечти. Мигранттарды өлкөдөн чыгаруу үчүн атайын аба каттамдары уюштурулуп, артка кайтаруу жараяны бир нече жыл талап кылынары күтүлүүдө.

Январдын башында Швеция мигранттар агымына байланыштуу Дания менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөн болчу. Дания өкмөтү да 4-январдан тарта Германия менен чек арасында убактылуу көзөмөл киргизген. Бул чара Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттардын токтобой жатканына байланыштуу кабыл алынган. Укук коргоочулар жана немис бийлиги эки мамлекеттин бул кадамын сындап, алар Шенген аймагын кооптуу абалга түртүп жатканын айтып чыгышкан.

9,8 миллиона калкы бар швед бийлиги болсо өлкөгө чоңдордункоштоосу жок өздөрү келип жаткан балдардын саны арбып жатканын билдирип, өзүнүн акыбалына жараша бозгундарды кабыл алганын жарыялады. Өткөн жылы бул өлкөгө 33 миң жашы жете электер келген.

Жалпысынан былтыр Сирия, Ирак, Пакистан жана Ооганстандан качып, Батышка оогон мигранттардын саны миллиондон ашкан. Швеция 160 миңдей адамга башпаанек берген. Азыркы учурда 58 миңден ашуун арыз каралып, анын жарымы канааттандырылды.

XS
SM
MD
LG