Жолугушуу Вашингтондо 3-февралда болот. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Маалыматты депутат Жанар Акаев бышыктап, Америка президентинин дасторконуна 130 мамлекеттен эл өкүлдөрү чакырылганын, ал жерде эч кандай саясий же экономикалык жаатта сүйлөшүүлөр болбой турганын айтты.
Обаманын сый тамагына Кыргызстандан барчу депутаттарды Жогорку Кеңеш сунуштаган.