Ссылки доступа

Сафари багында жолборс менен теке достошту


Орусиянын Приморск аймагындагы сафари багынын өкүлдөрү Амир аттуу жолборс курмандык катары жиберилген Темир аттуу текени тентектиги үчүн жазалаганы тартылган видеотасманы жарыялады.

Анда теке жолборско тийишип, тынчын алып жатканы, бир нече жолу мүйүзү менен түрткөнү көрсөтүлгөн. Чыдамы түгөнгөн жолборс текени мышыкча уйпалап, ыргытып ийип, андан соң ордуна барып жатып алган.

Текеге айбат көрсөтүп, кол салбай, жөн гана ордуна коюп койгону чагылдырылган.

Парктын кызматкерлери ашканадан жолборско коенду көрсөткөн соң, аны заматта эле өлтүрүп салган. Андан кийин жандыкты да ветеринардык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ал жерден алып чыгып кетишкен.

Жолборс бир нече күн мурда ага курмандык катары жиберилген теке менен ынак болуп калган. Ага чейин эчки, коендорго аңчылык кылчу, бирок бул жандык кайраттуу болгондуктан тийген эмес.

Күндүз экөө чоң капастын ичинде ары-бери ээрчишип жүргөнү тан калууну жаратууда. ​

XS
SM
MD
LG