Ссылки доступа

Барак Обаманын администрациясы орус президенти “коррупциялашкан” дегенге кошулат


АКШнын каржы министринин орун басары Адам Шубиндин президент Владимир Путиндин коррупцияга аралашканы тууралуу билдирүүсү президент Обаманын администрациясынын көз карашына дал келет.

Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест 28-январда маалымат жыйынында билдиргенин Рейтер кабарлады.

“Каржы министринин кызматкеринин баасы администрациянын пикирин эң мыкты чагылдырат” деп айтты Эрнест. Бирок ал орус президентине санкция киргизилеби деген суроого түз жооп бербей, ал Каржы министрлигинин юрисдикциясындагы маселе экенин кошумчалады.

25-январда Би-Би-Си телеканалы “Путиндин жашыруун байлыктары” деген жарым сааттык фильм көрсөткөн. Анда АКШнын каржы министринин орун басары Адам Шубин президент Владимир Путиндин коррупцияга аралашканын билдирген.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай айыптоо далилди талап кыларын, бирок Москва андай талап койбосун 26-январда билдирди. Ал фильмде айтылгандарды “ушак жана бүтүндөй ойдон чыгарылган нерсе” деп атады.

XS
SM
MD
LG