Ссылки доступа

Сирия оппозициясы Женева сүйлөшүүлөрүнө катышуудан баш тартты


Сириядагы оппозициянын өкүлү Башар Асаддын армиясы бир катар шаарларды курчоону токтотпосо, Женевага белгиленген сүйлөшүүлөргө барбай тургандыктарын америкалык CNN телеканалына билдирди.

Ал ошондой эле бийликке каршы тараптын карапайым калкты бомбалоону токтотуу жана негизсиз эле түрмөдө отурган адамдарды бошотуу тууралуу талабын жеткирип, бул акыркы чечим экенин кошумчалады.

Женевадагы сүйлөшүүлөр бүгүн башталмак. Оппозиция жараянга ортомчулук кылып жаткан Бириккен улуттар уюмунан өз талабына жооп күтүп жатат.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура буга чейин кырдаалды жөнгө салуу максатында уюштурулган эки отурум майнапсыз аяктаганын, бул жолкусунда мындайга жол бербөө керектигин айтты.

Ал Сирия элин оппозиция өкүлдөрүнүн Женевага келишине таасир этүүгө чакырды.

Башар Асаддын бийлиги менен оппозиция өкүлдөрү расмий түрдө акыркы ирет туура эки жыл мурун кезиккен. Сириядагы жарандык согушту токтотуу тууралуу соңку эки жылдагы алгачкы сүйлөшүүлөр 25-январга белгиленип, бирок оппозицияга ким өкүл болору тууралуу пикир келишпестиктерге байланыштуу бүгүнкүгө которулган. Түркия жыйынга өзү террордук уюм деп эсептеген Сириядагы күрддөрдүн “Демократиялык бирлик” партиясынын катышуусуна каршы чыгууда.

Ал арада Reuters агенттиги Сириядагы оппозиция Сауд Арабстандын борборунда жыйын куруп, Женева жараянына катышпоону чечкенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG