Ссылки доступа

Дамасктагы теракт 60 кишинин өмүрүн алды


Сириянын баш калаасы Дамаск шаарында 31-январда эки жардыруу болуп, 60тан ашык киши мерт кетип, 110 адам жарат алганын Сирия полициясында Борбор Азия жаңылыктарына кабарлашты.

Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алды. Сириянын телеканалы жарылуулар шииттердин ыйык Сайид Зейнаб аймагында болгонун, оболу жардыргыч зат коюлган унаа, андан соң жанкечти экинчи бомбаны жардырганын маалымдады.

Жума күнү Женевада Сириядагы жаңжалды басуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Ага чейин Швейцарияга президент Башар Асаддын саясий режимине каршы күрөшкөн, курамы 17 саясий жана аскерий топтордун өкүлдөрүнөн турган Сирия оппозициясынын делегациясы келген.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини маалымдагандай, Дамасктагы жардыруулар Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүлөрдү жокко чыгарууга багытталган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Джон Керри жолугушуунун катышуучуларын терактка карабай сүйлөшүүлөрдү улантканга чакырды.

XS
SM
MD
LG