Ссылки доступа

Тажикстанда мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн учурлар көбөйүүдө


Тажикстандын укук коргоо органдары маалымдагандай, быйыл январда эле жарандардан 250 даана ок атуучу курал алынган. Акыркы жылда мыйзамсыз курал-жарак менен байланышкан кылмыштардын саны өсүүдө.

Ички иштер министри Рамазон Рахимзода былтыр жарандардан 1288 даана ок атуучу курал алынса, 1994-жылдан бери эсеп боюнча бул көрсөткүч 39 миңден ашканын билдирди.

Калк арасында ок атуучу куралдарды алып жүрүүгө тыюу салуу тууралуу жарлык 1994-жылы эле чыкканы менен, бийлик элдин колунда дале алардын көп экенин айтып, тынчсызданууда. Кээ бир аймактарда жарандар маселелерин ок атуучу курал-жарактарды пайдалануу менен чечип жаткан учурлар да кезигет.

Тажикстанда элдин колунда курал-жарактын басымдуу бөлүгү жарандык согуштан кийин калган. Ошону менен бирге өзгөчө чек араларга жакын аймактарга чет өлкөлөрдөн ташылып турат.

2014-жылы элдеги травматикалык куралдарды да алуу тууралуу мыйзам чыгарылган.

XS
SM
MD
LG