“Элден элге” фонду уюштуруп жаткан бул иш-чарага каалаган адам памирлик замандаштарга атаган буюмун алып келсе болот. Фонддон “Азаттыкка” кабарлашкандай, акция “Бишкек-Парк” комплексинде уюштурулат жана топтолгон гуманитардык жардамдар Памирге жөнөтүлчү мамлекеттик экспедиция аркылуу жеткирилет. Экспедиция 10-февралда башталат.
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда. Андагы ондогон үй-бүлө мүчөлөрү кыйынчылыкта күн кечиришип келатат. Жардам ооганстандык Памирдеги кыргыздарга берилмекчи.