Ссылки доступа

Орусия Сирияга Су-35С истребителдерин жеткирди


Сириянын Латакия шаарындагы Орусиянын аскердик базасы жаңы үлгүдөгү төрт Су-35С истребителдери менен толукталды.

Муну менен орус аба базасынын колунда 70 учак жана тик учма бар экенин “Коммерсант” басылмасы Орусиянын Башкы штабына таянуу менен жазып чыкты.

Орус Коргоо министрлиги билдиргендей, соңку аптада согуштук учактар Сириянын Алеппо, Латакия, Хама, Хомс, Дамаск, Эр-Ракка, Дара провинцияларындагы экстремисттердин 1 300дөн ашык объектилерин жок кылды. Ошондой эле аба базасы Дайр-эз-Заур шаарында сириялык өкмөттүк күчтөргө жардам берди.

Буга чейин Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары Башар Асаддын бийлигин бекемдөөгө түрткү болгонун АКШнын Куралдуу күчтөр штабдарынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд айтып чыккан. Анын баамында, Москванын жардамы менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчулардан бир катар аймактарды тартып алып, оппозицияга туруштук бере албай жаткан айрым райондордогу позициясын чыңдап алды.

Сириядагы оппозициянын маалыматы боюнча, Орусиянын аба соккуларынан өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун миңдей согушкери жок кылынды. Ошол эле маалда 1000ден ашуун карапайым тургундар да набыт кетти.

XS
SM
MD
LG