Каспий деңизиндеги Азербайжандын “Гүншели” мунай кенинде былтыр 4-декабрда катуу шамалдан улам өрт чыгып, жарылуу болгон. Анда иштеген бир топ кенчилер каза таап, бир катары дайынсыз кеткен эле.
Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы Түркмөнстанда табылган кенчинин сөөгүн мекенине жеткирмекчи.
Январдын башында Каспий деңизинин жээгинде кырсыктан кийин жоголгон дагы бир адамдын сөөгү табылган.