Ссылки доступа

Миңдеген өзбектерге мунапыс берилди


Былтыр Өзбекстанда өз ара тил табыштыруу ыкмасын колдонуу менен 14459 адам кылмыш жообунан кутулду.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматына өлкөнүн Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов билдирди. 2014-жылы бул көрсөткүч 12687 адамды түзгөн.

Маалыматка караганда, өткөн жылы 267 миллиард сумдун тегерегинде материалдык зыянды төлөп берген 5 миңден ашык адамга жеңил жаза берилди. Жарандык маселелер боюнча сотто 260 миңден ашык иш каралды.

Мурунку жылдарга салыштырмалуу пара берүү жана алуу, зордуктоо, карактоо фактылары азайган.

XS
SM
MD
LG