Ссылки доступа

Сирия оппозициясы Женевадагы сүйлөшүүлөргө катышпайт


Сирия оппозициясынын башында турган Жогорку сүйлөшүү комитети Бириккен улуттар уюмунун атайын чабарманы Стаффан де Мистуранын кырдаалды жөнгө салуу тууралуу жолугушуулардын башталганы боюнча билдирүүсүн “шашмалык, алдыга озуу” катары баалады.

Оппозиция өкүлү Монзер Махус Башар Асаддын бийлиги жакынкы күндөрдө сириялыктардын жашоосун жеңилдетүү боюнча конкреттүү кадамдарга барууга даяр экенин далилдесе гана, сүйлөшүүлөргө катыша тургандыктарын жар салды. Дүйшөмбүдө БУУнун чабарманы Стаффан де Мистура Женевада сүйлөшүүлөр расмий башталганын, анда беш жылдан бери уланып жаткан куралдуу конфликтке чекит коюуга көмөктөшүүнүн жолдору талкууга алынарын билдирген. Оппозиция буга чейин өкмөттүк күчтөр бир катар шаарларды курчоону токтотпосо, Женевага белгиленген сүйлөшүүлөргө барбай тургандыктарын эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG