Ал Орусия Башар Асадды колдоо менен Сирияда тынчтыкты орнотуу боюнча бардык аракеттерди жокко чыгарып жатканын кошумчалады.
Москванын расмий маалыматы боюнча, орусиялык учактар террорчуларды бутага алууда. Дүйшөмбүдө Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жумаларда аба күчтөрү согушкерлерге 1 300 жолу сокку урганын жарыялады.
Ал эми гуманитардык уюмдар аба чабуулдарында карапайым жашоочулардын өмүрү кыйылып жатканын кайталап келишет.
Филип Хэммонддун баамында, орус учактарынын чабуулдарынын 30 пайызы гана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топтун объектилерине туура келет. Калганы өкмөттүк күчтөр менен тирешип жаткан оппозицияга багытталган.