Ссылки доступа

WhatsApp колдонгондор 1 миллиарддан ашты


Facebookтун алдындагы WhatsApp мессенжерине катталган колдонуучулардын саны 1 миллиарддан ашты.

Бул тууралуу Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цекерберг өзүнүн баракчасына жазып, WhatsAppты ойлоп тапкандар Ян Кум менен Брайан Эктонду жана бул максатты ишке ашырууга салым кошкондорду ийгилик үчүн куттуктады.

Анын айтуусунда, WhatsApp Facebookтун курамына кошулгандан бери мессенжердин чөйрөсү эки эсе көбөйдү. Эми аны мындан ары өнүктүрүү жана колдонуучуларга ыңгайлуу кылуу үчүн бардык күч жумшалат.

Facebook WhatsApp сервисин 19 миллиард долларга сатып алганын 2014-жылдын февралында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG