Ссылки доступа

Түркмөн президенти дагы бир китеп жазды


Ашхабаддын Мамлекеттик маданий борборунда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун «Акыл булагы» аттуу китебинин бет ачар аземи болду. Бул тууралуу Түркмөнстан.ру сайты кабарлады.

Салтанаттын катышуучулары түркмөн элинин макал-лакаптарынан турган китеп улуттук маданиятты жана баалуулуктарды жайылтууга жол ача турганын билдиришти.

Президенттин китебинде түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү, каада-салты, маданияты тууралуу макал-лакаптар өз-өзүнчө бөлүнүп жазылган.

XS
SM
MD
LG