Ссылки доступа

Москва: эстелик уурдады деп айыпталган өзбек жарандары боюнча иш сотко өттү


Москванын прокуратурасы 1-февралда «Ийгиликтин жентельмендери» кинотасмасындагы каарман “Доцент” - Евгений Леоновдун элеси чагылдырылган скульптуранын уурдалышына байланышкан ишти сотко жиберди.

Бул иш боюнча өзбекстандык жети жаран айыпталууда. Алардын курагы 21ден 27 жашка чейин. Азыр камакта отурушат. Эгерде сот күнөөлүү деп тапса, өзбекстандыктар 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, бир миллион рубль айып пулга жыгылышы мүмкүн.

Таланттуу актер Евгений Леоновдун элесине арналган айкел Мосфильм көчөсүнөн былтыр октябрда уурдалган. Көп узабай милиция өзбекстандык жарандарды кармаган. Тергөө учурунда алар актер тууралуу кабары жок экенин айтышкан. Уурдагандар айкелди бузуп, бөлүп, андан соң 39 миң рублга темир алуучуларга өткөрүп жиберишкен.

XS
SM
MD
LG