Ссылки доступа

Өзбекстандын экономикасы репрессивдүү деп табылды


The Heritage Foundation жана The Wall Street Journal уюмдары Index of Economic Freedom 2016 - дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады.

Ага 178 өлкө кирип, Өзбекстан анда 166 орунду ээледи. Анын алдында Кирибати (165), Чад (164), Конго (163), Украина (162) и Түркмөнстан 174-орунда турушат.

Былтыркы рейтинг менен салыштырганда Өзбекстандын көрсөткүчтөрү начарлап, 160-орундан 166га түшкөн. Фонд Өзбекстанды “репрессивдүү экономикасы” бар мамлекеттердин арасына киргизген.

Рейтингди түзүчүүлөрдүн айтуусунда, Өзбекстанда жемкорлук кеңири жайылган.

“Сот бийлиги президентке баш ийет. Ал соттордун баарын дайындайт жана каалаган убагында жумуштан алып салат. Соттук процедуралар эл аралык стандартка дал келбейт. Таасирдүү аткаминерлер кылмыш жасаса дагы жоопкерчиликке тартылышпайт. Мамлекет каржы секторго кийлигишип турат”, - дешет адистер.

Репрессивдүү экономикасы бар өлкөлөрдүн арасына Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан менен Түркмөстан кошулган. Тажикстан рейтингде 149, Казакстан 68, Кыргызстан – 96-орунду ээледи.

XS
SM
MD
LG