Ссылки доступа

Кытайда өлүм жазага тартылган тажик ишкеринин сөөгү мекенине жеткирилди


Кытайда маңзат аткезчилиги үчүн соттолуп, өлүм жазага тартылган тажикстандык ишкер Хасан Юсуфовдун денеси бүгүн Үрүмчүдөн Дүйшөмбүгө алып келинди.

Маркумдун бир тууганы Баходур Юсуфов эреже боюнча кытай бийлиги өлүм жазага тартылгандардын денесин жакындарына бербей турганын, бирок ал жактагы Тажикстандын элчилигинин көмөгү менен сөөктү алып кетүүгө жетишилгенин билдирди.

51 летний жаштагы тажикстандык жаран Хасан Юсуфовго карата чыгарылган өкүм 28-январда аткарылган. Сот чечимин жумшартуу боюнча тажик тараптын аракетинен натыйжа чыккан эмес.

Ал ишкердик менен алектенип, Кытайдан Тажикстанга товар ташычу. 2011-жылы Шинжаң автоном аймагынын борбору Үрүмчүдө кармалган. Кийинчерээк сот аны өлүм жазага өкүм кылган.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кытайдын түрмөлөрүндө 16 тажик жараны отурат. Алардын жетөө аялдар. Төртөө жогорку жазага өкүм кылынса, бешөө өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

XS
SM
MD
LG