Ссылки доступа

Өзбекстандык ырчы Тамила Казакстанга жер которду


Тамила деген ат менен белгилүү болгон өзбекстандык ырчы Эсмералда Рахматова Казакстанга көчүп кеткенин Qalampir сайты жазып чыкты.

Мындан мурда Тамила чуулгандуу видеотасмадан кийин талкууга түшкөн. “Өзбекнаво” эстрадалык бирикмеси уятсыз видеонун тарап кетишине байланыштуу аны Өзбекстан менен чет мамлекеттерде эл алдына чыгып, өнөрүн тартуулоо боюнча лицензиясынан ажыраткан эле. Анын Казакстанга жер которушуна ушул жагдай себеп болгону айтылууда. Маалыматтарга караганда, ырчы социалдык түйүндөрдөгү өзүнүн расмий баракчаларын өчүрүп салган.

Чуулгандуу тасма Telegram менен Whatsapp аркылуу тараган. Анда ырчынын жылаңач денеси көрсөтүлгөн. Тамила мунун өздүк видео экенин билдирип, анын интернетке кантип чыгып кеткенине таң калып жатканын жашырган эмес.

XS
SM
MD
LG