Ссылки доступа

Европага агылган мигрантардын көпчүлүгүн аялдар менен балдар түзүүдө


Дүйнөлүк миграция каатчылыгы жаралгандан бери Европага келген качкындардын арасында аялдар менен балдардын саны өстү. Буга чейин эркектер басымдуу болуп келген.

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) маалыматы боюнча, акыркы иликтөөлөр түрк-грек чек арасынан өткөн бозгундардын 60 пайызын аялдар менен жашы жете электер түзгөнүн көрсөттү. Былтыр июнда качкындардын 73 пайызы эркектер болчу.

Евробиримдиктин полициясы соңку эки жылда Батышта каттоого алынган 10 миңдей мигрант балдар дайынсыз экенин билдирүүдө.

«Балдарды коргойлу» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, былтыр Европанын чек арасынан үй-бүлөсүз жана чоңдордун коштоосу жок жыйырма алты миң бала өткөн. Кароосуз балдар зомбулукка же башка мыйзамсыз иштерге тартылып кетти деген кооптонуулар айтылууда.

XS
SM
MD
LG