Ссылки доступа

Ди Каприо Путиндин ролун ойнойт


Орусия президенти Владимир Путин тууралуу тасма 2017-жылдын жаз айларында коомчулукка тартуулана турганы күтүлүүдө. Анын ролун ойноого америкалык актер Леонардо Ди Каприо макулдугун берген.

Бул тууралуу Knightsbridge Entertainment компаниясына таянуу менен “Жаан” телеканалы маалымдады.

Putin аттуу тасманын үстүнөн иштөө бир жылдан бери жүрүп, ушул тапта мазмунунун акыркы нускасы талкууланууда. Тасмага актерлорду тандоо сынагына Голливуддун бир нече белгилүү жылдыздары чакырылган. Саясий триллер үлгүсүндөгү фильмде Путиндин Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген кезинен баштап, премьер-министр жана президенттикке чейин көтөрүлгөн чыйыры көрсөтүлөт. Ошондой эле дүйнөдөгү эң таасирдүү адамдын жеке жашоосу менен эмгек жолу чагылдырылмакчы.

Леонардо Ди Каприо буга чейин Welt am Sonntag немис басылмасына берген маегинде Путиндин ролун чын дили менен аткаруу ниети бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG