Ссылки доступа

Түркия Орусияны Сириядагы “согуш кылмыштары” үчүн айыптады


Түрк премьери Ахмед Давутоглы кечээ донор өлкөлөрдүн Лондондогу конференциясында сүйлөгөн учурунда Алепподон Түркияны көздөй сириялык качкындардын жаңы толкуну агылып жатканына көңүл бурду.

Анын айтуусунда, Алеппого каршы чабуулдан жана бомбалоолордон улам азыр он миңдей качкын Түркиянын Килис шаарчасынын босогосунда турушат. Алеппонун түндүгүндөгү лагерлердеги алтымыш миңден жетимиш миңге чейин адам Түркияны көздөй жылууда. Түрк бийлиги аларды кантип жайгаштырууну ойлонуп жатат.

Давутоглы Сириядагы гуманитардык кризистин тамыры Сирия режими жана “Ислам мамлекети” тобу жасаган согуш кылмыштарына байланыштуу экенин, Асаддын режимине жардам берип жаткандар да ушундай эле согуш кылмыштарын жасап жатканын, Алеппо Орусиянын учактарынын жапырт соккусуна кабылганын белгиледи.

Москвадан болсо Түркиянын дарегине ушул эле күнү ал Сирияга аскерий кол салууга кызуу даярдык көргөн деген айыптоо айтылды.

Орус коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Игорь Конашенков расмий Анкараны Сирияны басып кирүүгө аскердик даярдык көрүп жатат деп сынга алды.

Түркия чек арасынан түштүктө 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Алеппо шаары буга чейин эле өкмөт жана оппозиция көзөмөлдөгөн эки бөлүккө ажырап калган.

Былтыр күздө Орусия аба соккуларына киришкенден кийин Сирия армиясы жана анын өнөктөштөрү Алеппонун түштүгүн карай козголоңчуларга, ал эми чыгышын карай “Ислам мамлекети” тобуна каршы ири чабуул баштаган болчу.

XS
SM
MD
LG