Ссылки доступа

Тажикстандын Конституциялык соту Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду


Тажикстандын Конституциялык соту өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоорун мыйзамдуу деп тапты.

Парламенттин төмөнкү палатасы сунуштаган долбоор боюнча сот чыгарган бүгүнкү бүтүмдө “өзгөртүү конституциялык түзүмдүн бекемделишине, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган” деп жазылат.

Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүгө ылайык, президенттикке талапкердин жаш чеги 35 жаштан отуз жашка төмөн түшүрүлөт. Эми бул өзгөртүү элдик референдумга чыгарылат. Анын датасын парламент жарыялайт.

Байкоочулар эгерде бул ченем парламентте бекитиле турган болсо, анда ал Эмомали Рахмондун тун уулуна 2020-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берерин белгилешүүдө. Ошондой эле бул өзгөртүүлөр 24 жылдан бери бийликте отурган азыркы президентке кийинки шайлоолорго кандайдыр бир чектөөлөрсүз катышууга мүмкүнчүлүк берет.

XS
SM
MD
LG