Бул тууралуу ал бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшкөн учурда билдирди. Бүгүн Керри Лондондогу донорлор жыйынына катышты. Иш-чарага чогулган 70тей өлкөнүн лидерлери Сириядагы согуштан жабыркагандарга 9 миллиард доллар чогултуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Шаршемби күнү кечинде БУУнун Сирия кризиси боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура Женевада 1-февралда башталган Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө 25-февралга чейин “убактылуу тыныгуу” жарыяланганын билдирген.