Ссылки доступа

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилери боюнча сот башталат


Тажикстанда Жогорку сот өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын башында турган 13 адамга байланышкан ишти 9-февралда жабык кароого киришет.

Ага соттолуучулардын бирден тууганы жана актоочусунун катышуусуна уруксат берилиши мүмкүн.

Айыпталып жаткандардын катарында аталган партиянын төрагасынын орун басарлары Саидумар Хусайни менен Мухаммадали Хайит, мындан тышкары Абдукаххори Давлат, Рахматуллои Ражаб, Зубайдуллои Розик, Мухаммадали Файзмухаммад, Хикматулло Сайфуллозода, Киёмиддин Авазов, Зарафо Рахмони, Махмадшариф Набиев, Абдусамад Гайратов, Саттор Каримов жана Вохидхон Косидинов былтыр сентябрда генерал Абдухалим Назарзоданын куралдуу тобу жок кылынгандан кийин кармалган.

Тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясын жана анын азыр чет өлкөдө качып жүргөн лидери Мухиддин Кабирини Назарзоданын куралдуу козголоңуна катышы бар деп айыптоодо. 29-сентябрда Жогорку Сот партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, аны террордук жана экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

Ал эми Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги куралдуу көтөрүлүшкө тиешеси жоктугун, бийлик бул окуяны шылтоолоп чечим чыгарганын айтып келет.

Мындан мурда эл аралык укук коргоо уюмдары соңку айларда Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясынын 200гө чукул активисти менен тарапташтары кармалганын, алардын айрымдары кыйноого кабылып жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG