Ссылки доступа

Тайвандагы жер титирөөдөн набыт болгондордун саны өсүүдө


Акыркы маалыматтар боюнча силкинүүдөн 18 киши каза болгон, арасында жаш балдар да бар экени кабарланууда. 500 чамалуу киши жаракат алган.

Куткаруучулар урандылардын алдынан 300дөй кишини куткарып калды.

17 кабаттуу үйдүн алдында дагы кеминде 132 киши бар экенин айтылууда. Анткени ураган бул үйдөгү 92 батирде 256 киши жашап аткан.

Күчү 6,4 баллга жеткен силкинүү 6-февралдын таңында Тайвандын Тайнан шаарында болгон. Бул убакта шаардагы 2 миллиондон ашык элдин көпчүлүгү уктап жаткан. Жер титирөөнүн очогу жер алдында - 10 миң метр тереңдикте болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG