Ссылки доступа

Чек ара кызматы Максат айылындагы үйгө илинген кыргыз туусу тууралуу түшүндүрмө берди


Кыргыз-тажик чек арасында “тажик жарандарынын үйүнө кыргызстандык чек арачылар өз өлкөсүнүн желегин алып барып илип койгону” тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кошуунунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, желек сайылган үй кыргыз жаранына таандык. Окуя Лейлек районунун чек арага жакын Максат айылында болгон. Желек илинип турган үй кыргызстандык жаранга таандык. Бирок ал жерде тажикстандыктар ижарада турганы белгилүү болду.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, желек илинген үй жайгашкан аймак 1958-59-жылдардагы карта боюнча Кыргызстанга таандык жана Мамлекеттик каттоого алынган.

6-февралда Тажикстандын Гофуров районунун Овчикалача айылындагы тажикстандыктардын үйлөрүнө кыргызстандыктар Кыргызстандын желегин орнотуп койгону маалымдалган эле. Согди облусунун чек ара бөлүгүнүн генерал-майору Мухаммад Жафаров муну "чагым" деп атап, кыргыз тарап менен маселени талкуулап жатышканын билдирген.

XS
SM
MD
LG