Ссылки доступа

Өзбекстанда ири банктын башчысы камакка алынды


Ташкенде «Асака» банкынын төрагасы Кахрамон Арипов камакка алынды. Өзбек прокуратурасы банкта текшерүү жүргүзүп жатат.

Ариповдун камалган себеби азырынча айтыла элек. Бирок банктын кызматкерлери ага чет элдик валюталар менен мыйзамсыз операция жүргүзүүгө тиешеси бар деген айып коюлушу мүмкүн экенин боолгошууда.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, банктын жетекчилиги доллардын расмий жана базардагы наркынын айырмасынан чоң акча таап келген.

Буга чейин Өзбекстанда «Ипотека» банкынын башкармалыгынын мүчөлөрү түрмөгө түшкөн эле. Алар чет элдик валютаны жең ичинен тааныштарына саткан деп күнөөлөнгөн.

Өзбекстанда сумдун куну түшкөндөн кийин валюта тармагында кызыл кулактык күчөдү. Ар бир банкта чет элдик валюта менен операцияларга жооптуу болгон атайын кызматкерлер акчаны өздөрүнүн табакташтарына мамлекеттик нарк менен сатышат. Алар болсо сатып алган долларды “кара базарга” жиберишип, мындан олуттуу пайда таап, өз ара бөлүшүп жүргөнү аныкталганын Ички иштер министрлиги маалымдады.

XS
SM
MD
LG