Forbes.kz сайты маалымдагандай, видеотасманы аниматор, музыкант жана сүрөтчүлөр тобу тарткан.
Демилгечилердин бири Тимур Шайткалиев роликтеги кеңештерге кулак салып, сарамжалдуу болууга жалпы элди үндөйт. Анын айтуусунда, өнүккөн өлкөлөрдө сарамжалдуулук көнүмүш адатка айланса, Казакстанда ийгиликке жетпеген адамдар гана үнөмдөп жашоого аргасыз деген пикир калыптанып калган. Бул ролик элдин оюн-зоокко эмес, өнүгүүгө, келечегине инвестиция салууну ойлонушуна өбөлгө болот деген ниетин кошумчалады.
PR тармагында иштеген адистер коомдо кызуу талкуу жараткан ролик Депозиттерге кепилдик берүү фондунун вирустук жарнамасы болушу мүмкүн дешүүдө.