Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы ар кандай экстремисттик топтордун катарында согуштук аракеттерге тартылган тажикстандыктардын саны миңдин тегерегинде. Бийлик өз каалоосу менен кайтып келгендерге жана согуштук кылмыштарга тиешеси жокторго мунапыс берилерин убада кылган. Ушул кезге чейин 60 адам мунапыс алды.
Ошону менен бирге Сирия менен Иракта “жихадка” катышкандардын 20 чактысы узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Былтыр декабрда Тажикстандын Шаартуз районунун 7 тургуну Тажикстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун кара байрагын райондун борборуна илгени үчүн кесилип кеткен.