Ссылки доступа

Меркел менен Давутоглу Орусиянын Сириядагы саясатын айыпташты


Түркия менен Германия Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө Сириянын Алеппо шаарында жана анын айланасында Орусиянын аба соккуларды жасашын кескин айыпташып, чабуулду токтотуу үчүн биргелешкен дипломатиялык аракет көрөрүн да билдиришти.

Сириялык качкындардын агымы кайрадан күчөгөн кезде кечээ Түркияда болгон немис канцлери Ангела Меркел түрк премьери Ахмед Давутоглы менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында буларга токтолду:

-Соңку саналуу күн ичинде бомбалоолор, анын ичинде Орусиянын бомбалоолорунунан улам адамдар кириптер болгон азап-тозоктор биздин үрөйүбүздү эле учурбастан, шок болуп да турабыз. Тынчтык сүйлөшүүлөрү мындай шартта жүрө алары абдан арсар. Андыктан, бул кырдаал тезинен токтотулушу керек.

Немис канцлери Сириядагы жаңжалга тартылган тараптар БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254- резолюциясын бузуп жатышканына көңүл бурду.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы болсо сириялык качкындардын жаңы толкуну аларга жасалып жаткан кысым экенин белгиледи.

Алепподогу жана анын айланасындагы бомбалоолордон улам качып чыккан 30 миңдей сириялыктарга Түркия чек арасын ача элек.

Мунун ордуна лагерди чек аранын Сирия тарабына уюштуруп, качкындар үчүн тамак-ашты ошол жакка жеткирүүдө.

XS
SM
MD
LG