Ссылки доступа

Өзбекстанда бир топ компьютердик оюндарга тыюу салынат


«Камолот» жаштар кыймылы Ташкен шаардык акимчилигинин алдында түзүлгөн Руханий жана пропаганда борбору менен биргеликте тыюу салына турган компьютердик оюндардын тизмесин даярдады.

Ага сексуалдык, порнографиялык көрүнүштөргө, кумар, диний экстремизм, зордук-зомбулукка, ырайымсыздыкка чакырган оюндар кирген.

“Компьютердик оюндар балдардын жашоосунда өтө чоң мааниге ээ болууда. Алардын аң сезимине ырайымсыз оюндардын тийгизген таасири күчтүү болуп жатканы маалым. Буга байланыштуу мындай оюндарга тыюу салууга көмөктөшүүнү чечтик”, - дейт «Камолот» кыймылынын өкүлү.

Маалыматка караганда, тыюу салына турган кооптуу оюндарды атайын комиссия тандайт. Анын курамы тажрыйбалуу мугалим, психолог жана башка адистерден түзүлүп, болочок муундун аң-сезимине тескери таасирин тийгизип жаткан оюндарды аныктоодо алардын өзбектердин салт-санаасы менен динге дал келер-келбесин да карап чыгышат.

XS
SM
MD
LG