УКМКдан кабарлашкандай, быйыл январь айында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген үч кызматкер жергиликтүү тургунду кылмышка күнөөлөп, 50 миң сом пара талап кылышкан. Бирок анын акчасы жок болгондуктан, топозун сойдуруп, этин алып кетишкен.
Бул боюнча УКМК топтогон материалдардын негизинде Ак-Суу райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.