Ссылки доступа

Жамала «Евровидение» сынагында крым-татарлары жөнүндө ырдайт


Украинанын атынан быйыл “Евровидение” эл аралык сынагына катышууга жолдомо ала турган алдыңкы талапкерлердин бири 32 жаштагы, теги крымдык Жамала ата-бабаларынын советтик диктатор Иосиф Сталиндин буйругу менен Борбор Азияга жапырт көчүрүлүшү тууралуу ыр ырдайт.

Ал улуттук тандоо учурунда “1944” деп аталган чыгармасы менен биринчи жарым финалдан өтүп, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду. Ошондой эле СМС добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көрүүчүлөрдүн да купулуна толду. Добуш берүүгө 2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крымда жашаган татарлардын басымдуу бөлүгү катышкан жок.

Мазмуну англисче, кайырмасы крым-татарлардын тилинде жазылган ырда 1944-жылдын майында 250 миңге жакын татарлардын мажбурлап жер которгону баяндалат. Совет бийлиги крым-татарларын жарым аралды курчоо учурунда немистер менен кызматташкан деп айыптап, аларды Борбор Азия менен Орусиянын алыскы аймактарына көчүрүп салганы белгилүү. Жамаланын чыныгы ысымы — Сусана Жамаладинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында туулган. Бул жерге анын чоң аталары көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Крым-татар саясатчылары «Евровидение» кароо-сынагынын уюштуруучуларына крымдыктарга 13-февралда өтө турган экинчи жарым финалда жана 21-февралдагы финалда добуш берүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылууну көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG