Ссылки доступа

Нарында аялын өрттөгөн жаран эсине келе элек


Атайын коюлган өрттө денесинин 80 пайызга жакыны күйүп кеткен Нургүл үч күн эсине келе албай жатып, 8-февралда ооруканада дүйнө салды.

Каза болгон келиндин жакындары окуя тууралуу азырынча кең-кесири пикир айтыша элек. Агасы Керимбек бала азыр эс-учун билбей жатканын, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Расмий маалыматка караганда, үйлөнүү үлпөт салонунун ичинде жайгашкан туристтик агенттиктин кеңсеси 5-февралда өрттөнүп, анда жабыркаган эки киши ооруканага жеткирилген. Бул окуянын чыгышына күйөөсү себепкер деп, ал колуктусуна бензин чачып өрт койгон деп шектелүүдө.

Ошентсе да Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Азамат Мукаев бир жактуу тыянак чыгаруу эрте экендигин айтты:

- Азыр күйгөн адамдардын бири каза болуп калды, экинчиси эс-учун билбей жатат. Бул окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Ал эми тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Жубайына жана өзүнө өрт койгон деп шектелип жаткан 27 жаштагы Раимбектин денесинин 30 пайыздан ашыгы күйүп, догдурлардын кароосунда болууда.

Жашоосу кайгы менен бүткөн жубайлар бир жарым жыл мурда баш кошуп, күздөн бери таарынышып жүрүшкөн. Ажырашуу тууралуу арыз боюнча сот чечимин чыгара элек экен.

XS
SM
MD
LG