Бул тууралуу президент Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда ачылган түркиялык товарлардын көргөзмөсүндө айтканын жергиликтүү мамлекеттик маалымат агенттиги жазып чыкты.
Өлкө башчы бул иш-чара эки боордош элдин кызматташтыгына жаңы дем берип, өз ара алаканы тереңдетерине ишенимин да билдирди.
“Бул көргөзмө жана анын алкагында өтүп жаткан түрк-түрмөн бизнес форуму эки мамлекеттин ортосундагы өнөктөштүктү өркүндөтүп, товарлардын экспортун кеңейтүүгө шарт түзөт”, - деди ал.
Гурбангулы Бердымухамедов түркмөн базарынын болочогу мыкты экенин белгилеп, түрк ишкерлерди бирге иштөөгө чакырды. Ошону менен бирге биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери уланарын кошумчалады.