Ссылки доступа

Москвада соода күркөлөрү алынууда (видео)


Москва шаардык бийлиги түрттүрүлүп, бузула турган соода күркөлөрдүн тизмеси дагы кеңейиши мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Метро станцияларынын жанындагы соода жайларынын бузулушунан 2 миңге чукул адам жумушсуз калганын Соода жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси Алексей Немерюк билдирди. Анын айтуусунда, мэрия мыйзамсыз деп эсептеген жайлардын катары дагы калыңдашы ыктымал. Шаардык думанын айрым мүчөлөрү мындай дүкөндөрдүн баарын алуу менен 15 миң адам иштен айрыла турганын боолгоп жатышат.

Шейшембиде Москвада метро станцияларынын жанындагы 100дөн ашык соода жайлары алынды. Муну шаар бийлиги алардын өзү билемдик менен курулганына жана жашоочулардын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканына байланыштырды. Мэр Сергей Собянин бузулган күркөлөрдүн басымдуу бөлүгү 90-жылдарда шалаакалык же аткаминерлердин көмөгү менен орнотулганын айтууда.

(Бул жаңылыктын логотиби жок, таза видеосун төмөнкү шилтеме аркылуу жүктөп алыңыз)

XS
SM
MD
LG